Баткендин Айдаркен шаарында дааратканага түшүп кеткен 5 жаштагы бала аман-эсен куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
ӨКМдин маалыматы боюнча, окуя бүгүн, 4-сентябрда кечке жуук болгон.
Куткаруу иштерине 3 кызматкер тартылган. Алардын бири — улук лейтенант А. Сүйүнов ажатканага түшүп, наристени алып чыккан.
Баланы дарыгерлер текшерген. Анын абалы жакшы.