Бишкектеги Миңжылкыев көчөсү транспорт кыймылы үчүн ачылдыСоода, кызмат көрсөтүү жана ташуу: Кыргызстандагы чакан бизнес эмне менен алектенетКыргызстан ЖККУнун операциясына катышты: 11,4 тонна тыюу салынган зат алындыКыргызстанда чек арадагы радиациялык көзөмөлдү күчөтүү сунушталууда — толугу мененКыргызстандын чакан жана орто бизнеси 1 трлн сом киреше тапты, анын 77%ы Бишкекке туура келетБишкектин башкы планы өзгөртүлдү, бирок так эмне өзгөргөнү белгисиз, деп билдирди Бекешев
Баткенде эки жашар кызын сабаган аял эки суткага камалды
31.01.2023 | 10:23
Баткен облусунда эки жашар кызын сабаганын видеого тартып, жолдошуна жөнөткөн аял убактылуу кармоочу жайга камалды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, бул иш боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренеси «Балага же алсыз абалдагы адамга карата кыйноо» боюнча кылмыш иши козголгон. Иштин алкагында аял 30-январда 48 саатка убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Эске салсак, Кадамжай районунда аял эки жашар кызын сабап салган. Белгилүү болгондой, аялдын мындай кадамга барышына күйөөсү менен ажырашып жатканы себеп болгон.
Аялдын үч баласы, анын ичинде ур-токмокко алынган кыз үй-бүлөлүк тибиндеги балдар үйүнө жайгаштырылды.
Кызын сабаганын видеого тартып, жолдошуна жиберген аялга иш козголду
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом