АКШ Перси булуңундагы өлкөлөрдү коргоого кеткен чыгымдардын ордун толтуруп алууну көздөөдөКыргызстандын Минкаб башчысы өлкөгө КММди үзгүлтүксүз жеткирүүнү камсыз кылууну тапшырды14-июль: Кыргызстанда абанын температурасы +39°C чейин көтөрүлөт, жаан жаап, күн күркүрөйтБишкекте баланы сүзүп кеткен автобустун айдоочусу күбөлүгүнөн ажыратылганын жашырып келгенКыргызстан менен Беларусь агросектордо жаңы долбоорлорду ишке ашырууну макулдашты«Кыргыз Петролеум Компани» АИ-80 бензининен АИ-92 маркасын чыгарат
Баткенде коронавируска шектелгендердин анализдери чыкты
07.02.2020 | 14:36
Баткенде коронавируска шектелип ооруканага жаткырылган эки жарандын тапшырган анализдери чыкты.
Саламаттык сактоо министрлиги билдиргендей, алардан коронавирустун белгилери тастыкталган эмес.
5-февраль күнү дене табы көтөрүлгөн 2 жаран коронавирус күмөнү менен Баткендин биргелешкен ооруканасына алынып келген. Алар Кыргызстанга Кытайдан Тажикстан аркылуу келишкен.
Буга чейин “Турмуш” басылмасы Баткен районундагы “Кызыл-Бел” чек ара пунктунан коронавирус жуктурду деген шек менен 2 адам ооруканага жаткырылганын жазып чыккан.
сүрөт: sputnik.kg
Рубрики: Жаңылыктар, Коом