Жалал-Абадда милиция кызматкерлери сыйланды

Жалал-Абадда милиция кызматкерлери сыйланды

Бүгүн, 25-сентябрда Жалал-Абад облустук милициясында бир катар кызматкерлер кол саат, статуэтка, медаль, диплом жана ардак грамоталар менен сыйланышты. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

ИИМдин Маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгынын түзүлгөн күнүнө карата облустук милициянын маалыматтык технологиялар бөлүмүнүн «Бирдиктүү терезе» шартында мамлекеттик тейлөөлөрдү көрсөтүү борборунун кызматкерлери ардак грамоталар менен сыйланган.

Ошондой эле, 19-22-сентябрь күндөрү Ош шаарында милициянын кенже лейтенанты Н. Сайдиевдин жаркын элесине арналган ИИМдин Динамиадасында Жалал-Абад облусунан барган кызматкерлер байгелүү орундарды ээлегендиги үчүн медаль, статуэтка жана дипломдор менен сыйланган.

Андан тышкары Беларустун Минск шаарында өткөн Атайын күчтөрдүн ортосундагы өз ара аракеттенүү турнирине активдүү катышкандыгы үчүн жана эл аралык, республикалык мелдештерде байгелүү орундарды алган ИИМдин атайын багыттагы полкунун Жалал-Абад шаарындагы өзүнчө ротасынын кызматкерлерине кол саат, статуэтка, медаль жана дипломдор тапшырылган.

«Сыйлык ээлерин Жалал-Абад облустук милициянын башчысы Жеӊишбек Абитов куттуктап, бекем ден соолук, иштерине ийгиликтерди каалады», — деп айтылат маалыматта.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>