Баткенде милиция Эгемендик күнүнө карата күчөтүлгөн тартипте иштейт

Баткенде милиция Эгемендик күнүнө карата күчөтүлгөн тартипте иштейт

Бүгүн, 28-августта Баткен шаарында 31-август — Кыргызстандын Эгемендик күнүнө жана 1-сентябрь — Билим күнүнө карата Баткен облустук милициянын жетекчилиги гарнизондук кароо өткөрдү. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Гарнизондук кароого Баткен облустук, шаардык жана райондук милициянын өздүк курамы, ИИМдин Ички аскерлеринин 7707 аскер бөлүгүнүн аскер кызматкерлери, жоокерлери жана ИИМдин Атайын багыттагы полкунун Баткен облусундагы өзүнчө ротасынын күжүрмөн кызматкерлери, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн, ошондой эле күзөт кызматынын кызматкерлери катышты.

Облустук милициянын башчысы Мурат Боронов кызматкерлерди эгемендиктин 32 жылдыгы менен куттуктап, майрам күндөрү коомдук көзөмөлдү күчөтүп, жарандардын коопсуздугун сактоону тапшырган.

«Майрам күндөрү жарандардын коопсуздугун сактоо, ошондой эле жол коопсуздугун алдын алуу максатында тийиштүү кызматкерлер кызмат өтөөсү керектигин эскертилип, издөөдө жүргөн жарандардын жүргөн жерин аныктоо боюнча тапшырмалар коюлду.  

Бул саптык кароо майрам алдында коомдук тартипти сактоо, майрамга карата кызматкерлердин даярдыктарын текшерүү, коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо, укук бузууларды жана кылмыштуулукту алдын алуу максатында уюштурулду», — деп айтылат маалыматта.

Ушундай эле саптык кароо облус аймагындагы ар бир район-шаарлардагы ички иштер бөлүмдөрүндө өткөрүлгөн.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>