Журналист Ыдырыс Исаков милицияга суракка чакырылды

Журналист Ыдырыс Исаков милицияга суракка чакырылды

Эркин журналист Ыдырыс Исаков милицияга суракка чакырылды. Бул тууралуу ал «Фейсбуктагы» баракчасында билдирди.

Исаковдун айтымында, милицияга арызды анын иликтөөсүндөгү салык кызматында иштеген Жаңыбай Сарыбашов жазган.

«Мен бүгүн дагы милицияга чакырылдым. Бул жолу баягы кубалашкан видео боюнча. Эсиңиздерде болсо, баягыда мен «Сарыбашов мырза сизби?» — деп сураганда атын жашырып качкан инспектор эми менин үстүмөн милицияга даттаныптыр.

Алгач ал киши талаштуу жердин түпкү документтерин таап, документтери жасалма эмес экенин далилдеп алгандан кийин менин үстүмөн милицияга эмес, бандиттерге даттанса дагы эп болмок. Али ал кишинин ак же кара экени аныкталбай атып, актанып баштаганы бир аз шашкандай болуп калыптыр.

Эмнеси болсо да суракка барам. Тергөөчүнүн суроолоруна жооп берем. Анан кагаздарга кол коём. Иштер кала берет. Мага чалгандар күтө берет. Макул эми», — деп жазды ал.

Эскерте кетсек, буга чейин да февраль айынын башында Исаков милицияга сурак чакырылган.

Милиция журналист Ыдырыс Исаков эмнеге суракка чакырылганын айтты

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>