Баткендеги эки айылга 330 орундуу жаңы мектеп курулат

Баткендеги эки айылга 330 орундуу жаңы мектеп курулат

Баткен районундагы эки айылга жаңы мектеп курулат. Бул тууралуу бүгүн, 2-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында маалым болду.

Жыйында “2022-жылдын 14-январында Бишкек шаарында жана 2022-жылдын 18-январында Ташкент шаарында кол коюлган Министрлер Кабинети менен Өзбекстан Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргызстанда мектептерди куруу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо жөнүндөгү” мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Аталган макулдашуунун алкагында Баткен районунун Самаркандек жана Лейлек районунун Маргун айылдарына ар бири 330 орундуу эки орто мектепти 210 күндүн ичинде куруу жана жабдуу каралган.

Маалым болгондой, Лейлек районунун Маргун айылындагы мектеп пайдаланууга берилген, ал эми Баткен районунун Самаркандек айылындагы экинчи мектеп 2022-жылдын сентябрь айына чейин бүткөрүлөт.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: мектеп

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>