Депутат: Бишкектеги борбордук мечиттин ордуна мектеп куруу керек

Депутат: Бишкектеги борбордук мечиттин ордуна мектеп куруу керек

Бишкек шаарындагы борбордук мечиттин ордуна мектеп куруу керек. Бул тууралуу бүгүн, 2-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Бахридин Шабазов билдирди.

Анын айтымында, Мусулман дин башкармалыгы менен мечиттин жер тилкесин башка жерге алмаштыруу керек.

“Биз муфтиятка башка жерден ошондой эле жер тилкесин сунуштасак болот. Ал эми борбордук мечиттин ордуна жаңы мектеп курууну сунуштайм. Бул жерде жума күндөрү мечитке келген адамдын саны көп болгондуктан жол тыгындары пайда болуп, жарандарга ыңгайсыздык жаралууда. Ошондуктан мечиттин ордуна жаңы заманбап мектеп курсак болот”, — деди депутат.

Буга чейин Москва жана Гоголь көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан борбордук мечит бузулуп, ордуна жаңысы куруларын Мусулмандардын дин башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирген болчу.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: мечит

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>