Кыргыз тили жана география мугалимдерине 6 миң «Алтын Казык» ноутбугу берилетАлимент жана 10 миң сомго чейинки талаштар: Кыргызстанда юридикалык жардам көрсөтүүнүн жаңы эрежелери сунушталуудаСентябрь айында Кыргызстанга четтен 274 млн доллардан ашык акча которулганКыргызстанда атаандаштыктын бузулушу боюнча арыздарды жаңы эрежелер менен кароо сунушталуудаКыргызстанда малдын породасын аныктоочу мобилдик тиркеме сыноодон өткөрүлдүАрмения ЖККУда добуш берүү укугунан ажыратылды — бул Ереван үчүн эмнени түшүндүрөт?
Бишкекке рекорддор китебине 4 жолу кирген Чхве Чан Хен келди
06.07.2022 | 18:04
Гиннесстин рекорддор китебине төрт жолу кирген Чхве Чан Хен майыптар үчүн шаардык реабилитациялык борборго барды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Түштүк Кореянын тургуну майыптар арабасы менен көп километр аралыкты басып өтүп атактуу болгон. Чхве Чан Хен Ысык-Көлдү кыдырып, борбордун конокторуна өзүнүн өмүр жолу, ийгиликтери жана жетишкендиктери тууралуу айтып берди.
Маалым болгондой, Шаардык реабилитациялык борбор күн сайын борбор калаада жашаган 100 мүмкүнчүлүгү чектелген адамды тейлейт.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом