Бүгүн Ырыс Жекшеналиевдин баш коргоо чарасы каралат — видео

Бүгүн Ырыс Жекшеналиевдин баш коргоо чарасы каралат — видео

УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин Жетим-Тоо боюнча эски видеокайрылуусун жарыялаганы үчүн кармалган жаш активист Ырыс Жекшеналиевдин бөгөт чарасы бүгүн саат 18:00гө чейин каралат. Бул тууралуу «Полит Узник» телеграм каналы жазды.

Активисттин баш коргоо чарасы Биринчи май райондук сотунда каралат.

«Ырыс Жекшеналиевдин баш коргоо чарасы саат 18:00гө чейин каралат. Тергөөчүлөр тарабынан убактысы так айтылбай жатат. Бир аздан кийин Биринчи май райондук сотуна алынып келинет. Журналисттерди, активисттерди чакырабыз», — деп жазылат телеграм каналда.

Эскерте кетсек, 14-августта президент Садыр Жапаров Жетим-Тоо кени боюнча билдирүү жасаган. Анда президент айрым адамдар Жетим-Тоо боюнча туура эмес маалымат таратып жатканын айтып, укук коргоо органдарын аларды тартипке чакырууну тапшырган. Буга чейин фейсбуктагы «Полит Узник» баракчасында УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин Жетим-Тоо боюнча архивдик билдирүүсү жарыяланган.

Аталган видеого байланыштуу «Полит Узник» баракчасынын администратору Ырыс Жекшеналиевге кылмыш иши козголуп, ал 48 саатка камакка алынган. Аны менен бирге Абдил Сегизбаев УКМКга суракка кирип чыккан.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>