Зордуктоо 2,2 эсе көбөйгөн. Өлкөдө кайсы кылмыштардын саны арткан?

Зордуктоо 2,2 эсе көбөйгөн. Өлкөдө кайсы кылмыштардын саны арткан?

Быйыл жарым жылда Кыргызстанда 23 миң 287 кылмыш иши козголду (былтыр 6 айда 23 миң 334). Бул тууралуу Статистика комитети Башкы прокуратуранын маалыматына таянып билдирди.

Маалыматка караганда, алардын ичинен 2 миң 717 кылмыш оор жана өзгөчө оор болуп саналат. Кылмыштардын негизги бөлүгүн жеке менчикке каршы кылмыштар түзөт (16 миң 842).

Адамга каршы жасалган кылмыштардын саны былтыркыга караганда 7,7%га өсүп, 2 миң 20 учурду түзгөн. Былтыр жарандарга карата 1 миң 875 кылмыш жасалган.

2022-жылдын 6 айына салыштырмалуу быйыл зордуктоо, ден соолукка анча оор эмес жана оор залал келтирүү, киши уурдоо, алдамчылык, каракчылык, опузалоо, баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү, паракорчулук, коррупция, бийликтен аша чабуу сыяктуу кылмыштардын саны өскөн.

Былтыр жарым жылда зордуктоо боюнча 76 кылмыш катталса, быйыл 166ны түзгөн (90го көп). Алдамчылык фактысы былтыр 6 айда 4 миң 371ди түзсө, быйыл 5 миң 35 учур болгон (664кө көп). Ошондой эле паракорчулук 71ден (2022-жыл, 6 ай) 105ке көбөйгөн (2023-жыл, 6 ай).

Ошол эле учурда, адам өлтүрүү, уурулук, тоноо, аткезчилик, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу сыяктуу кылмыштардын саны азайган.

2022-жылы 6 айда адам өлтүрүү боюнча 95 учур болсо, быйыл 63тү түзгөн (32ге азайган). Кызмат абалынан пайдалануу фактылары 2022-жылы 501ди түзсө, быйыл 415 учур болгон (86га аз).

Быйыл милиция 22,9 миң кылмыш ишин козгоп, алардын 58,9%ы ачылган

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>