Өзбек жараны Кыргызстандан 5 тонна солярка ташып кетүүгө аракет кылган

Өзбек жараны Кыргызстандан 5 тонна солярка ташып кетүүгө аракет кылган

УКМКнын чек ара кызматы 27-28-августта чек арадан аткезчилик жол менен товар ташып өтүү фактыларына бөгөт койду.

Чек ара кызматынын маалыматы боюнча, 27-августта Баткендин Беш-Пистан жергесинде 23 жаштагы кыргыз жараны башкарган «Мерседес-Бенц Спринтер» унаасы токтотулган. Унаанын ичинен аял жана балдардын кийим-кечелери, идиш-аяк, кездеме, дары-дармектер табылган.

Андан тышкары 28-августта «Кадамжай – унаа жолу» көзөмөл өткөрмө жайында Кыргызстандан чыгып бара жатканда Mercedes-Benz Actros унаасын айдаган 32 жаштагы өзбекстандык жаран кармалган. Ал Кыргызстандан 5 тонна дизель майын ташып кетүүгө аракет кылган. Дизель майынын баасы 1 млн 885 миң сомду түзгөн.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>