Бүгүн, 3-сентябрда Жогорку Кеңеште жыйын өтүп жатат. Аталган жыйында депутат Дастан Бекешев жогорку окуу жайларда жана жалпы билим берүүчү мектептерде онлайн окутуу боюнча маселе көтөрдү.
Депутаттын айтымында,онлайн окутуу жакшы натыйжа бербей жатат,өзгөчө башталгыч мектептерде. Ата-энелерден көптөгөн арыз даттануулар түшүүдө.Окутуу онлайн режимде жүрүп жатканына карабастан, кээ бир мектептерде дале ремонтко, мектеп фондуна деп акча чогултуп жатышыптыр. Муну токтотуш керек.