Милиция журналист Ыдырыс Исаков эмнеге суракка чакырылганын айтты

Милиция журналист Ыдырыс Исаков эмнеге суракка чакырылганын айтты

Ыдырыс Исаков Ош шаардык ички иштер башкармалыгына күбө катары чакыртылды. Бул тууралуу шаардык милициянын басма сөз кызматы билдирди.

«Өткөн жумада «ТикТок» социалдык түйүнүндө «Альберт» (Albert) деген аталыштагы аккаунт аркылуу «Кыргыз ойгон, уйгур мафиясы Кыргызстанды тоноп жатат» деген башкы теманын алкагында кыскача видеоролик жарыяланып, анда Ыдырыс Исаковдун видео кайрылуусу дагы болгон. Бул видеоролик жана анын темасына байланыштуу Ош ШИИБнын тергөө кызматына Ыдырыс Исаков 5-февраль күнү күбө катары чакырылып, кайрылуу качан жасалгандыгы, кайсы уйгур мафиясы тууралуу кеп болуп жаткандыгы суралды», — деп айтылат маалыматта.

Милициядан белгелешкендей, Ыдырыс Исаков видео жүктөгөн «Альберт» деген атуулду тааныбай тургандыгын, ал видео 2020-жылы элге жасаган кайрылуусунан монтаждалып белгисиз адамдар тарабынан жасалгандыгы жана кайсы уйгур мафиясы тууралуу кеп болуп жаткандыгын билбегендигин билдирди. Күбө катары суралган Ыдырыс Исаков бир саатка жетпеген убактытта Ош ШИИБнын тергөө кызматында болгон.

Журналист Ыдырыс Исаков милицияга сурак берип чыкты

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>