Орусияда кыргызстандык аскерлердин катышуусунда ЖККУнун машыгуулары аяктадыКыргызстанга миграциялык агым 2025-жылы 15,4 миң адамга жеттиКыргызстанда өлүмдүн көрсөткүчү беш жылда 14%га төмөндөдүФАОнун азык-түлүк бааларынын индекси сентябрда бир жылда 5,8% өстүКыргызстанда төрөттүн жыйынды коэффициенти 2,6га чейин төмөндөдүКыргызстан менен Орусия ветеринария тармагында кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюшту
Акылбек Жапаров менен Михаил Мишустин телефон аркылуу сүйлөштү
20.05.2022 | 20:16
Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Орусия өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирет.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуунун күн тартибиндеги актуалдуу маселелери, анын ичинде гуманитардык жана соода-экономикалык чөйрөлөрдө кызматташуу талкууланды.
Тараптар Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы соода көлөмүнүн өнүгүүсүндөгү оң динамиканы канааттануу менен белгилешти.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат