«Үй-бүлөсүнүн жалгыз багуучусу». Кочкор-Атада спецназ күч менен кармаган жаран 2 айга камалды

«Үй-бүлөсүнүн жалгыз багуучусу». Кочкор-Атада спецназ күч менен кармаган жаран 2 айга камалды

Жалал-Абаддын Кочкор-Ата шаарында 27-мартта милициянын атайын багыттагы кызматкерлери тарабынан кармалган Санжар Нышанкулов 2 айга камакка алынды. Бул тууралуу Reporter.kgге анын тууганы Айгүл Нуркамилова билдирди.

Нышанкуловдун бөгөт чарасы бүгүн, 29-мартта Жалал-Абаддын шаардык сотунда каралып, сот аны тергөө аяктаганга чейин 2 айга камакка алуу тууралуу чечим чыгарган.

Туугандары анын камакка алынышына нааразы. Себеби 7 баланын атасы үй-бүлөсүн жалгыз багып келет. Жубайы балдарын карап, үйдө отурат.

Нуркамилова кайниси Нышанкуловдун кармалышына «себеп» болгон 4-марттагы окуя тууралуу айтып берди. Анын айтымында, жолдошу менен бир тууганы көп жылдан бери Кочкор-Атадагы базардын жерин талашып келишет. Учурда ал боюнча соттошууда.

Ал эми Санжар Нышанкулов — соттошуп жаткан бир туугандардын улуу агасынын баласы. Бир нече жыл мурда атасынын көзү өтүп кеткен. Нышанкуловдун базар боюнча талашка дагы тиешеси жок. Ал болгону базарда соода кылып, палоо жасап иштеп жүргөн.

Нуркамилованын айтымында, 4-март күнү соттошуп жаткан туугандары жалдаган күзөтчүлөр базардын кулпун алмаштырып, соодагерлерди киргизбей жатканын угуп базарга барышкан. Аларга соодагерлер чалып, күзөтчүлөр соода орундарына киргизбей жатканын айтышкан.

Ал кайниси Санжар Нышанкулов менен бирге базарга келип, күзөтчүлөргө эки тарап соттошуп жатканы тууралуу айтып, кырдаалды түшүндүрүүгө аракет кылдын. Бирок күзөтчүлөр аларды киргизбей койгон. Ортодо кайым айтышуу башталып, күзөт кызматкерлери ошол жерде тургандарга, анын ичинде аялдардын бетине газ баллон чачкан. Ошондо ачууланган эркектер алар менен чырдаша кеткен.

Нуркамилова белгилегендей, бул окуядан кийин алар Ноокендин милициясына биринчи болуп арыз жазып, күзөтчүлөр кол көтөргөнүн, базарды басып алганы тууралуу билдиришкен. Бирок алардын арызына милиция көңүл бурбай, экинчи тарап жазган арыз боюнча иш козгогон.

«Арызды биз биринчи жазганбыз. Бирок ал арызыбыз алигиче карала элек. Милиция окуяны бир тараптуу карап жатат. Мында Ноокендин милициясынын жана тергөө бөлүмүнүн жетекчилигинин кызыкчылыгы бар», — дейт ал.

Нуркамилованын айтымында, Санжар Нышанкулов окуяга чейин милициядан суракка чакыруу алган эмес. 27-мартта кармалгандан кийин гана ага кылмыш иши козголгонун билишкен.

Эскерте кетсек, Нышанкуловго 4-мартта күзөтчүлөр менен болгон окуяга байланыштуу «бейбаштык» беренеси менен иш козголгон. Милициянын маалыматы боюнча «сабалдым» деген күзөтчү 6 адамдын үстүнөн арыз жазган.

27-мартта милиция Нышанкуловду күч колдонуп кармаган (милициянын маалыматы боюнча, ал атайын багыттагы кызматкерлердин талаптарына баш ийген эмес). Аны көргөн баласы атасына болушуп милиционерлерди чуркап келип секирип тепкен. Бирок ал кайра милиция тарабынан ур-тепкиге кабылган. Бул окуянын баары видеого түшүп калып, соцтармактарга тарап, резонанс жараткан. Коомчулук милициянын иш-аракетин сынга алган.

Сабалган бала учурда ооруканада жатат.

Атасына болушуп, милицияны тепкен баланын видеосу: Милиция үн катты

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>