Бийлик айрым мектеп окуучуларга форма алып берет

Бийлик айрым мектеп окуучуларга форма алып берет

“Башталгыч, жалпы негизги жана орто жалпы билим алууга балдардын конституциялык укуктарын камсыз кылуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө”  президент жарлыкка кол койду.

Ага ылайык, эми окууга барбаган балдарды эсепке алып, айрым багар-көрөөрү жок балдарга мамлекет жардам берип, алтургай мектеп формасына чейин алып беришет. Жалпы негизги жана орто жалпы билим алууга балдардын конституциялык укуктарынын камсыз кылышат.

  1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү мамлекеттик администрациялары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин аймактык бөлүмдөрү менен бирдикте эки жумалык мөөнөттө:

– жалпы билим берүү мектептерине киргизилбеген, окууга келбеген же окууну токтоткон мектеп жашындагы балдардын эсебин алсын;

– жалпы билим берүү мектептерине киргизилбеген, окууга келбеген же окууну токтоткон балдарды жалпы билим берүү мектептерине киргизүү боюнча зарыл чараларды көрсүн.

  1. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары менен бирдикте бир айлык мөөнөттө турмуштук оор кырдаалда калган (балдарын кароо жана мектепте окутуу үчүн финансылык каражаттары жок) аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү жана балдарды тапсын жана зарыл болгон кийимдерди, мектеп формасын жана мектептик окуу-буюмдарын сатып алууда аларга жардам көрсөтсүн.
  2. Ушул Жарлыктын 1, 5-пункттарынын аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жүктөлсүн.
  3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгиленген тартипте:

– эки айлык мөөнөттө баланын башталгыч, жалпы негизги жана орто жалпы билим алуусу үчүн зарыл чараларды көрбөгөн же чектеген ата-энелердин, балдардын мыйзамдуу өкүлдөрүнүн жоопкерчилигин караган мыйзамдын долбоорун иштеп чыксын жана аны Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине кароого киргизсин;

– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын

19-июнундагы № 388 “Мектеп курагындагы жана мектепке баруучу курактагы балдарды каттоого алуунун тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу” токтомунун аткарылышы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлеринин отчетторун жыл сайын 1-июлга чейин карап турсун;

– ушул Жарлыктан келип чыгуучу финансылык, уюштуруучулук жана башка маселелерди чечсин.

  1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү мамлекеттик администрацияларынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчылары жана жалпы билим берүү мектептеринин директорлору жалпы билим берүү мектептерине балдардын баруусун системалуу түрдө талаптагыдай контролдоону камсыз кылсын.
  2. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы башталгыч, жалпы негизги жана орто жалпы билим алууга балдардын конституциялык укуктарынын камсыз кылынышына жана билим берүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарынын сакталышына туруктуу негизде көзөмөл жүргүзсүн.

Жыл сайын 1-июлга чейин Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына башталгыч, жалпы негизги жана орто жалпы билим алууга балдардын конституциялык укуктарын камсыз кылуу боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарынын аткаруу бийлигинин органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан сакталышы жөнүндө маалыматты берип турсун.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>