Милиция Сокулуктагы шылуундарга издөө жарыялады — сүрөт

Милиция Сокулуктагы шылуундарга издөө жарыялады — сүрөт

Чүй облусунун Сокулук районунда алдамчылык фактылары боюнча бир катар адамдар изделүүдө. Бул тууралуу облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Издөөдө жүргөндөр:

1) Кадыкеева Людмила Медеткановна, 1976-жылы туулган;

2) Абдишева Жыргал Абдыбековна, 1979-жылы туулган;

3) Ким Сергей Викторович, 1977-жылы туулган;

4) Аширалиев Кенжебек Сатылганович, 1975-жылы туулган.

Маалым болгондой, жогоруда аты аталган адамдарга карата Сокулук РИИБде издөө материалдары ачылган. Милиция алардын жүргөн жерин аныктоого коомчулуктан жардам сурайт. Издөө жарыяланган адамдар тууралуу маалыматы барларды төмөндөгү телефон номерлерге кабарлоону өтүнөт: нөөмөт бөлүмү Сокулук РИИБнин 0 (3134) 5-33-80, 0 (312) 60-75-67, 0 (558) 86-14-86.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>