Вьетнам Кыргызстанга жаңы элчисин дайындады

Вьетнам Социалисттик Республикасы Нгуен Тхань Лени Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси кылып дайындады. 17-августта КРдин тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров аны кабыл алды.
Тышкы иштер министрлигинин маалыматында, жолугушууда жаңы дайындалган элчи Абакировго ишеним грамоталарынын көчүрмөлөрүн тапшырган.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Медер Абакиров элчини жаңы кызматы менен куттуктап, анын ишмердүүлүгү эки өлкө ортосундагы мамилелерди чыңдоого өбөлгө түзөрүн белгилеген. Нгуен Тхань Ле өз кезегинде биргелешкен демилгелерди илгерилетүүгө жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө даяр экенин билдирген.
Ошондой эле тараптар саясий, соода-экономикалык байланыштарды жана мындан аркы өз ара аракеттенүүнүн келечектүү багыттарын талкуулашкан. Мындан тышкары кыргыз-вьетнам кызматташтыгын бекемдөө боюнча биргелешкен ишти улантууну макулдашышкан.