Билим берүү министри салттуу баалуулуктарды колдобойбу? Чиновниктин жообу (видео)

Билим берүү министри салттуу баалуулуктарды колдобойбу? Чиновниктин жообу (видео)

Билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу Догдуркүл Кендирбаева салттуу үй-бүлө, салттуу баалуулуктарды колдой турганын билдирди.

Бүгүн, 3-октябрда Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитети Догдуркүл Кендирбаеванын билим берүү жана илим министри кызматына талапкерлигин карады.

Жыйында депутат Айбек Маткеримов Догдуркүл Кендирбаева салттуу баалуулуктарды колдобой турганы тууралуу сөздөр болуп жатканын айтып, бул боюнча суроо узатты.

«Сиз биздин үрп-адатыбызга, менталитетибизге каршы келген салттарды колдоп чыкканыңыз боюнча көп сурап жатышат. «Андай адам биздин келечегибизди кай жакка буруп барат, келечеги кандай болот?» деген суроолорду берип жатышат. Ачуу болсо да жооп берип коюңуз», — деди депутат.

Депутаттын суроосуна жооп берип жатып Кендирбаева ага карата айтылган сөздөрдү төгүндөдү.

«Албетте, бул калп. Мен салттуу үй-бүлөдө, салттуу баалуулуктарды улантуунун үстүндө иштейм. Жолдоушм, эки кызым, эки неберем бар. Азыр менин камкордугумда 90 жаштагы кайнатам бар. Биздин кыргыз улутунун баалуулугун, аманат калтырган мурастарын ар бир кыргыз бекемдебесе, бизде ары-бери тартып кете турган кызыкчылыктар (кызыкдар тараптар — ред.) өтө көп», — деди ал.

Аны менен бирге ал улуттук, мамлекеттик кызыкчылыктар биринчи орунда турарын айтты.

Суроо-жооптордон кийин комитет Догдуркүл Кендирбаеваны министр кылып дайындоого макулдугун берди.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>