Билим берүүнү реформалоо боюнча программа иштелип чыкты

Билим берүүнү реформалоо боюнча программа иштелип чыкты

Билим берүүдөгү реформалоо боюнча программаны ишке ашыруунун жол-жоболору каралып жатат. Бул туурасында президент Садыр Жапаров  мыкты студенттерге президенттик стипендияларды тапшыруу аземинде билдирди.

Анын айтуусунда, бала бакчалардан тарта жалпы билим берүүчү орто мектептерди, жогорку жана орто кесиптик окуу жайларды реформалоо боюнча программа кабыл алынып, ишке ашыруунун жол-жоболору каралып жатканын айтып берди. Ошондой эле, билим берүү мекемелеринин материалдык-техникалык базасын чыңдоо, окутуунун мезгил талабына жооп бере турган жаңы программаларын иштеп чыгуу, ага ылайык адис-кадрларды даярдоо, мугалимдер менен окутуучулардын эмгек акыларын көтөрүү маселелерин чечүү боюнча иш-аракеттер күчөтүүлүүдө.

Быйыл өлкөнүн бардык университеттеринен 80 студент президенттик стипендияга ээ болушту. Мамлекет башчысы жолугушууда аларды окуудагы жетишкендиктери менен чын жүрөктөн куттуктап, эмгеги жана өжөрлүгү үчүн ыраазычылык билдирди.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>