Бишкектеги кургак учукка каршы балдар ооруканасынын имараты бала бакчага айланат

Бишкектеги кургак учукка каршы балдар ооруканасынын имараты бала бакчага айланат

Бишкектеги 7-кичирайондогу кургак учукка каршы балдар ооруканасы бала бакчага айланат. Бул тууралуу борбор калаанын вице-мэри Виктория Мозгачева брифинг учурунда билдирди.

«Оорукананын имараты муниципалдык менчик болуп, келишимдин негизинде шаардык кургак учук ооруканасына өткөрүлүп берилген. Биздин билишибизче, ал жерде бала бакча ачуу иштери жүрүп жатат. Негизи мэрия имаратка бала бакча болушун колдойт, бирок баары мыйзам чегинде болушу керек», — деди Мозгачева.

Ал белгилегендей, бул ооруканага кайрылгандар өтө аз болгондуктан, бейтапкананы бала бакчага айландыруу маселеси бир нече жолу көтөрүлгөн. Анын үстүнө оорукананын бүткүл иштеп жаткан мезгилинде кургак учук менен ооруган балдар болгон эмес.

«Кандай болгон күндө да, балдардын ден соолугуна коркунуч келтирбөө үчүн керек болгон санитардык-эпидемиологиялык иш-чаралардын бардык комплекси жүргүзүлөт», — деп жыйынтыктады Виктория Мозгачева.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>