Бир катар футболчу Кыргызстандын курамасына чакырылган жок. КФБ үн катты

Бир катар футболчу Кыргызстандын курамасына чакырылган жок. КФБ үн катты

Кыргызстандын футбол бирикмеси дүйнө чемпионатына тандоо турунун алкагында Кытайлык Тайбейге каршы эки беттешке мурда негизги курамда ойноп жүргөн футболчулардын чакырылбай калганы боюнча үн катты.

Бирикмеден билдиришкендей, курамды түзүүдө бир катар жагдайлар, анын ичинде оюнчулардын физикалык көрсөткүчтөрү, өз клубдарындагы (чет өлкөдөгү) оюндардан бошобой жатканы, айрымдарынын жаракаттары бар болгондугу эске алынган.

Курамага буга чейин командага чакырылбаган жаш оюнчулар киргизилген. Алар тандоонун негизинде, анын ичинде Түркияда 2-13-мартта өткөн жашыруун курамдагы машыгуу жыйындарынын жыйынтыгы боюнча тандалып алынган. Муну менен машыктыруучулар штабы команданы жашартуу мүдөөсүн билдирип, алар алдыңкы 5-6 жылда айтылган тапшырмаларды аткара алган курама болот деген ойдо. Бирикмеден белгилешкендей, команданы жашартуу иштери буга чейин курамада өз убагында муун алмашуу болбогондуктан жасалууда. КФБ жаңы оюнчуларды жооптуу эл аралык беттештерде сыноо менен муун алмашууга жакшы даярдык болот деген пикирде. Андан тышкары жаш оюнчуларда чоң мотивация жана стимул болгондуктан, командада атаандаштык жаралат деп ишенет.

КФБ билдиргендей, оюнчу курамага чакыруу алганын «привилегия» катары көрүп, ага жараша мамиле жасап, жоопкерчиликтүү болушу керек.

«Тилекке каршы биздин кураманын жакында өткөн Азия кубогундагы ийгиликсиз оюн көрсөтүшүнүн себептеринин бири айрым оюнчулардын кураманын жана өлкөнүн кызыкчылыгына туура келбеген жүрүм-туруму жана мамилеси болду. Бул жагдай да — ал оюнчулардын кураманын катарына кошулбай калышына себеп», — деп билдирет бирикме.

Ошол эле учурда КФБ «кураманын жана өлкөнүн кызыкчылыгына туура келбеген жүрүм-турум жана мамиле» көрсөткөн оюнчулар кимдер экенин жана алар кандай «күнөө» жасаганын так ачыктаган жок.

Ошондой эле команданын курамына мурдатан бери курамада ойноп жүргөн тажрыйбалуу футболчулар кирбей калган. Машыктыруучулар штабы алар менен алдын ала сүйлөшүү жүргүзүп, аларга келерки беттештерде үмүт артарын билдирген. Бул ирет машыктыруучулар жаш оюнчуларга курамада өзүн көрсөтүүгө мүмкүндүк берүүнү туура көргөн.

Эскерте кетсек, 21 жана 26-мартта Кыргызстандын курамасы дүйнө чемпионатына тандоо турунун алкагында Кытайлык Тайбейге каршы эки беттеш өткөрөт. Буга чейин КФБ курамага чакырылган 28 спортчунун тизмесин жарыялаган. Курамага чакырылган спортчулардын катарында мурда негизги курамда ойноп жүргөн Фархат Мусабеков, Кайрат Жыргалбек уулу, Гүлжигит Алыкулов, Алимардон Шүкүров (жаракаты айыга электиги айтылууда), Айзар Акматов, Бекжан Сагынбаев, Бактияр Дүйшөбеков, Эрнис Батырканов жок болуп чыккан. Ошондой эле күйөрмандар алдыдагы беттештерге чабуулчу Мирлан Мурзаев да чакырыларын күтүшкөн.

Кытайлык Тайбейге каршы оюнга Кыргызстандын курамасына кимдер чакырылганы белгилүү болду

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>