Казандан Кабулга чейин жөө: тревел-блогер адамдардын боорукердиги жана Кыргызстан тууралууАкжол Махмудов Азия оюндарында коло медаль уттуАзия оюндары: балбан Жоломан Шаршенбеков алтын медаль уттуСадыр Жапаров Илон Масктын SpaceX компаниясынын Калифорниядагы өндүрүштүк комплексине бардыБишкектин Жукеев-Пудовкин көчөсүндө 3-октябрда унаа кыймылы убактылуу чектелетКыргызстанда мамлекеттик органдардын ички аудитин күчөтүү сунушталууда
Бир жумада Кыргызстанда 24 миңден ашык жол эреже бузуу аныкталды
22.08.2023 | 15:30
Кыргызстанда 14-20-август күрдөрү 24 миң 69 жол эреже бузуу аныкталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалым болгондой, жол эреже бузган 1 миң 149 айдоочунун унаасы айып короосуна токтотулган.
Жол эреже бузуулар:
- Тиешелүү документтери жок унаа башкаргандар – 255
- Мас абалда унаа айдагандар – 256
- Унаасынын айнегин мыйзамсыз караңгылатып алгандар – 60
- Жол эрежесин бузган жөө адамдар – 1 миң 337
- Унааны эксплуатациялоо эрежесин бузгандар – 5 миң 152
- Автобейбаштык – 8
- Ылдамдыкты ашырып айдагандар – 5 миң 36
- Жасалма номер менен жүргөндөр – 5
- Башка жол эреже бузуулар – 11 миң 960
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом