«Тилимпоздун» негиздөөчүлөрүнө 200 миң сом тапшырылды

«Тилимпоздун» негиздөөчүлөрүнө 200 миң сом тапшырылды

Бүгүн, 22-августта Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев «Тилимпоз» долбоору аркылуу мамлекеттик тилди жайылтуу аракетин көрүп келе жаткан жаштар менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Белгилүү болгондой, Тилек Нурдинов, Нуржигит Асанов жана Муслим Таалайбек уулу баштаган жаштар «Тилимпоз» долбоорун негиздеп, социалдык тармактар аркылуу кыргыз тилин өнүктүрүүгө, мамлекеттик тилди туура колдонууга багытталган иштерди аткарып келет.

Жолугушууда Шакиев демилгелүү жаштардын жасаган иштерин жогору баалаган.

«Тил – бир улуттун жаны. Тил жоголсо, улут да жоголот. Айрыкча ааламдашкан доордо эне тилибизди аздектеп, сактоо менен гана эгемен өлкө катары өнүгө алабыз. Андыктан, мамлекеттик тилди жайылтууга далалаттанган силердей жаштардын аракети колдоого татыктуу», – деди ал.

Аны менен катар Шакиев жакында эле «Кыргызстандын мамлекеттик тили жөнүндө» конституциялык мыйзам кабыл алынганын айтып, аталган мыйзамды ишке ашырууда «Тилимпоз» өңдүү долбоорлордун мааниси чоң экенин белгилеген.

«Кыргызда «Көп тил билсең, ошончо дил билесиң», – деген накыл кеп бар. Бирок башка тилди эмес, өз эне тилин билбегендик уят катары каралышы кажет», – деди төрага.

Шакиев мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча жаштардын сунуш-пикирлерин уккан.

Жолугушуунун соңунда төрага «Тилимпоз» долбоорунун негиздөөчүлөрүнө 200 миң сомдук сертификатты тапшырып, мындан ары да ар тараптуу колдоолорду көрсөтүп турарын убада кылган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>