Бишкекте «Өлбөс полктун» каттамы бекитилди: Түштүк дарбазадан Жеңиш аянтына чейинБизнестеги айымдар: насаатчылык ишкер айымдарга кантип жардам беретДепутат мектептик тамактанууга бөлүнгөн каражатты 50 сомго чейин жогорулатууну сунуштадыӨзгөндө бала бакчанын директору тарбиячы менен мушташкандан кийин кызматынан четтетилдиУКМКнын мурдагы башчысы Камчыбек Ташиев өзүнө каршы кылмыш иши козголгонун билдирдиЛифттерди жана трансформаторлорду кураштыруу: Кыргызстан менен Беларусь ушул жылы биргелешкен өндүрүштөрдү ишке киргизүүнү пландаштырууда
Биринчи май райондук сотунун судьясы пара алып жаткан учурда кармалды
12.03.2020 | 17:23
Бишкектин Биринчи май райондук сотунун судьясы Орозбакова Максат Асанкуловна пара алып жаткан учурда кармалды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматынын (Финпол) басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматта айтылгандай, судья жарандык кылмыш ишти оң жакка чечип берүү үчүн 2000 доллар алып жаткан учурда Финполдун кызматкерлери тарабынан колго түшкөн.
Бул факты боюнча Жазык кодексинин 326-беренеси (“Опузалап пара алуу”) менен сотко чейинки өндүрүш башталган.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар