Кыргызстанда курулуш тармагына насыя берүү 3,5 эсеге өстүКеректөө насыялары банктардын сегиз айдагы насыяларынын 45%ын түздүБишкекте мамкызматкерлерди медициналык текшерүүдөн өткөрүү боюнча пилоттук долбоор башталдыКыргызстандын банктары сегиз айда 381 млрд сомдук насыя бериштиУлуттук филармонияда «Сүймөнкул» мюзикли кайрадан коюлатЕвробиримдик Кыргызстанга билим берүү реформаларын колдоо үчүн дээрлик 600 млн сом бөлдү
Бишкек – Балыкчы поезд каттамы кайра жанданат. Билет баасы канча?
12.08.2022 | 16:20
Бишкек-2 – Балыкчы багытындагы жүргүнчү поездинин каттамы 15-августтан тарта жанданат. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынан билдиришти.
Маалыматка караганда, № 608 Бишкек-2 – Балыкчы поезди Бишкек-2 бекетинен саат 07:40та чыгып, Балыкчы бекетине саат 11:42де жетет.
Ал эми № 609 Балыкчы – Бишкек-2 поезди Балыкчы бекетинен саат 17:48де чыгып, Бишкек-2 бекетинен 21:50дө келет.
Билет баалары:
Жөнөкөй вагон: чоң адамдарга 150 сом, жаш балдарга 73 сом.
Люкс вагон: чоң адамдарга 500 сом, жаш балдарга 250 сом.
Эскерте кетсек, буга чейин Боом капчыгайында селдин кесепетинен Бишкек-2 – Балыкчы каттамы убактылуу токтотулган.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: Жаңылыктар, Коом