«Бишкек ЭЭАнын» жетекчиси: инимди жумушка алууда мыйзам бузуу болгон эмес

«Бишкек ЭЭАнын» жетекчиси: инимди жумушка алууда мыйзам бузуу болгон эмес

Бүгүн, «Кыргызстан» парламенттик фракциясынын отурумунда Канатбек Исаев «Бишкек» ЭЭА дирекциясынын ишин сынга алды.

Анын айтымында, аталган башкармалыкта көптөгөн мыйзам бузуулар бар, буга өкмөт көз жумуп жатат.

«ЭЭАнын башкы директору мамлекеттин бюджетин 50-100 миллион сомго толтура алат. ЭЭА директорунун бир тууганы аталган ишканада жеткирүүчү болуп иштейт экен. Чындыгында эле иниңиз кол алдыңызда иштейби? «, — деп сурады Канатбек Исаев.

Өз кезегинде ЭЭАнын директору Дүйшөн Ирсалиев иниси кол алдында иштерин ырастап, зарылчылдык болсо аны жумаштан кетирүүгө даяр экенин айтты.

«Сенин кол алдыңда тууганың иштейт деп айтыңыздар. Ооба чындыгында, менин иним жеткирүүчү болуп иштейт. Бирок бул мамлекеттик кызмат эмес, иштөөгө укугу бар. Мен сиздин туугандарынызды эсептебей элеминго. Макул, бүгүн тууганымды барып жумуштан кетирейин».

Жыйында “Бишкек” эркин экономикалык аймак (СЭЗБишкек) тууралуу маселе каралууда.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>