Бишкек: Кафеде мушташкандар милициянын формасын айрып, унаасын талкалашкан

Бишкек: Кафеде мушташкандар милициянын формасын айрып, унаасын талкалашкан

Жаңы жыл түнү Лебединовка айылындагы кафелердин биринде мушташып жаткандарды кармоо учурунда милиция кызматкерлерине дагы кол салышкан. Милиция бөлүмүнө баратканда алар кызматтык унаанын терезесин талкалап, нөөмөт бөлүмүндө дагы тынчыбай, ал жакта да терезелерди сындырышкан.

Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, кафедеги бейбаштык тууралуу билдирүү 1-январь күнү таңкы саат алтылар чамасында келип түшкөн.

«Окуя болгон жерге Аламүдүн РИИБнин ыкчам тобу келип, белгисиз адамдар менен мушташкан жаш балдарды тынчтандырып, аларды ажыратууга аракет кылышкан. Жаш балдар милиция кызматкерлерине баш ийбей, агрессивдүү мамиле жасап, ар кандай жол менен чыр-чатакты чыгарып, аларга кол салышкан, анын жүрүшүндө жаш балдар милиция кызматкерлеринин формасын айрып салышкан. Ошондой эле жардамга Аламүдүн РИИБдин кызматкерлери жана Чүй ОИИБдин Жол-кайгуул кызматынын кызматкерлери да келишти», — деп билдирди Чүй облустук милициясы.

Бейбаштарды унаага салган учурда дагы мушташууну улантышкан.

Бул окуянын жүрүшүндө райондук ички иштер бөлүмүнө төмөндөгүлөр жеткирилген.

-Ж.Н. жана Я.А. 1995-жылы туулган,

-С.А. 1997-жылы туулган,

-Т.М. 1998-жылы туулган.

Аларга КР Кылмыш-жаза кодексинин бир нече беренелери боюнча айып тагылган. Алар убактылуу кармоочу жайга киргизилип, кийин сот тарабынан бошотулган.

Бул факты боюнча тергөө амалдары улантылат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>