Москвада өзбек-кыргыз мигранттар мушташып, үчөө бычактан оор жаракат алган

Москвада өзбек-кыргыз мигранттар мушташып, үчөө бычактан оор жаракат алган

Жаңы жыл түнү Москванын түштүк-чыгышында мигранттардын ортосунда ири жаңжал болгонун Интерфакс билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, жаңжал 1-январга караган түнү Текстильщики метрополитениндеги Грайвороновская көчөсүндө болуп, ага Өзбекстандын үч жараны жана Кыргызстандын он жараны катышкан. Мушташ учурунда бир нече адам бычактан оор жаракат алышкан, алардын экөө Өзбекстандын, бирөө Кыргызстандын жараны, деп билдирди булак.

Алдын ала маалыматтарга караганда, чырдын чыгышына жеке кастык себеп болгон.

Жаңжалга катышкан Кыргызстандын 9 жараны милиция кызматкерлери тарабынан кармалып, аларга чет өлкөлүк жаран же жарандыгы жок адам тарабынан Орусиянын аймагында жүрүү режимин бузуу беренеси боюнча административдик протоколдор түзүлдү. Бул беренеде Орусиядан чыгаруу менен 5-7 миң рублга чейин айыппул салуу каралган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>