Ош шаарындагы эски базардын ордуна эс алуу жайы жана туристтик шаарча курулатЫсык-Көл облусунда миң гектардан ашык кунарсыз жайытка үрөн себиле баштадыЭки оркестр, эки өлкө: Бишкекте кыргыз-швейцар марш-парады өттүКыргызстанда өзгөчө айкалыштагы унаа номерлеринин сертификатын кайра каттоо онлайн форматка өттүКыргызстанга америкалык «Boeing» учактарын жеткирүү мүмкүнчүлүгү каралуудаАКШ Борбор Азияга ким менен кызматташуу керектигин таңуулабайт — Рубио
Бишкек: Мектепке директор болчу талапкерлер тесттен өтүп жатат
30.08.2022 | 09:49
Бүгүн, 30-августта И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде Бишкек шаарындагы мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарына компьютердик тестирлөө өтөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирет.
Маалыматка караганда, талапкерлерди тандоо бир нөөмөттө өтүп, сынак саат 08:00дө башталды.
Талапкерлерди каттоо саат 7:30да башталды. Апелляциянын башталышы саат 16:30да болот.
Эскерте кетсек, Бишкек шаарынан талапкерлердин документтерин кабыл алуу 26-августта аяктаган.
Бишкек шаары боюнча ваканттык орундардын саны 62.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: Жаңылыктар, Коом