3 млн сомдук даараткана: Баткен мэриясы түшүндүрмө берди

3 млн сомдук даараткана: Баткен мэриясы түшүндүрмө берди

Баткен шаарынын мэриясы «Жаштык» эс алуу багында курулуп жаткан баасы 3 млн сомдук даараткана боюнча түшүндүрмө берди.

Маалыматка караганда, аталган сейил бакта курулуп жаткан имарат бир эле даараткана эмес, санитардык-тиричилик комплекси болуп саналат. Ал жеке ишкер Максатбек Калматов тарабынан курулууда.

Аталган комплекс 2 кабаттуу болуп салынып, анын ичинде жуунуучу жай, чачтарач, кир жуучу жай, кийимдерди химиялык тазалоочу бөлүктөрү да болот. Имараттын биринчи кабатында даараткана жайгашат. Ошондой эле мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн да атайын жай каралган.

Эскерте кетсек, буга чейин Баткен шаарынын мэриясы «Жаштык» эс алуу багында 3 млн сомго заманбап даараткана курулуп, пайдаланууга берүү алдында турганын билдирген.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>