Бишкек: Мектептердеги окуучулардын менюсуна өзгөрүүлөр кирет

Бишкек: Мектептердеги окуучулардын менюсуна өзгөрүүлөр кирет

Бишкекте мектеп жана бала бакчалардын тамактануусун кантип жакшыртуу маселеси талкууланды. Борбор калаанын муниципалитетинде вице-мэр Виктория Мозгачеванын төрагалыгы алдында мектептерде жана бала бакчаларда тамактанууну жакшыртуу маселеси боюнча жыйын өттү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, жыйынга борбор калаанын билим берүү башкармалыгынын башчысы жана төрт аймактык билим берүү борборунун директорлору, ошондой эле Бишкектеги мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун өкүлдөрү катышты.

Вице-мэр билим берүү башкармалыгына заманбап талаптарды эске алуу менен тамактанууну жакшыртуу жана перспективдүү меню түзүү маселесин иштеп чыгуу жана балдар тамак-ашына бөлүнгөн көлөмдү көбөйтүү милдетин койду.

«Мүмкүн болсо, меню иштеп чыгууда тамактануу тармагындагы адистерди тартыңыздар»-деди ал.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>