Мектеп окуучулары кабылган жол кырсык боюнча иш козголду

Мектеп окуучулары кабылган жол кырсык боюнча иш козголду

20-апрелде «Бишкек – Манас аэропорту» жолунда мектеп окуучулары кабылган жол кырсык боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Чүй облустук милициядан билдиришти.

Белгилүү болгондой, жол кырсык 20-апрелде болжол менен саат 11:30да болгон. Анда 30га жакын окуучу бара жаткан «ПАЗ 4234» автобусу менен GoBus компаниясынын «Мерседес Спринтер» кичи автобусу кагылышкан. Кырсыктын айынан 1-4-класстын 27 окуучусу жабыркап, №3 балдар ооруканасына жаткырылган. Алардын ичинен үчөө медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин үйүнө чыгарылган.

Бүгүнкү дагы 15 бала ооруканадан чыгарылып, калгандары ооруканада дарыланууда. Бир окуучу менен кичи автобустун айдоочусу жандандыруу бөлүмүндө жатат.

Бул фактыга байланыштуу 21-апрелде Кылмыш-жаза кодексинин 312-беренеси (Автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу) боюнча кылмыш иши козголгон. Тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Бүгүн, 24-апрелде облустук милициянын жетекчилиги ооруканада жаткан балдардан кабар алган. Аны менен бирге милиция кызматкерлери жабырлануучулардан (окуучулардан) жана алардын мыйзамдуу өкүлдөрүнөн көрсөтмө алган.

Ошондой эле, айдоочулардын күбөлүктөрүн мыйзамдуу жол менен алып-албагына, унаалардын техникалык абалы текшерилүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>