Бишкек мэриясынын спорт башкармалыгынын мурунку башчысы кармалды

Бишкек мэриясынын спорт башкармалыгынын мурунку башчысы кармалды

Бишкек мэриясынын Дене тарбия жана спорт башкармалыгынын мурунку башчысы Даулет Досалиев кармалып, эки айга камакка алынды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети кабарлады.

Атайын кызматтан билдиргендей, Даулет Досалиев спорт башкармалыкты жетектеп турганда жооптуу адамдар менен келишип алып, коррупциялык схема түзгөн.

Тагырагы, 2019-жылга карата спорттук иш-чаралардын календарына ылайык спортчуларды окуу лагерлерине жөнөтүү боюнча буйруктарды, жасалмалап, каржылык отчеттуулук документтерин бурмалап, транспорттук кызматтарды, катышуучулар үчүн жатакана жана тамактануу кызматтарын жасалмаган.

Бул фактылар боюнча Жазык кодексиндеги «Кызмат абалын кыянат пайдалануу», «Берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу» беренелери менен кылмыш иши козголгон.

Даулет Досалиев Биринчи май райондук сотунун чечими менен 27-октябрда №1 тергөө абагына эки айга камакка алынды.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>