Сурабалдиева: Жапаров кыйын учурда элге жардам бер деди

Сурабалдиева: Жапаров кыйын учурда элге жардам бер деди

Бүгүн, 28-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында жаңы өкмөт мүчөлөрү ант берүүдө. Ошондой эле өкмөттүн курамында өзгөрүүлөр болгону белгилүү болду.

Депутаттык мандатын кечээ күнү тапшырган Элвира Сурабалдиеванын талапкерлиги тийиштүү комитетте вице-премьер-министр кызматына жактырылды. Ал эми вице-премьер-министр кызматынан бошотулган Аида Исмаилованын талапкерлиги эмгек жана социалдык өнүгүү министри кызматына көрсөтүлүп, колдоо тапты.

Элвира Сурабалдиева буга чейин Садыр Жапаровдун премьер-министр болуусуна каршы болуп келген. Азыр ал Жапаров жетектеген өкмөткө мүчө болуп бара жатканын, кыйын учурда элге жардам бегиси келгени менен түшүндүрдү.

«Ушундай кыйын кырдаалда элге жардам бересизби деген сунуш Садыр Нуркожоевичтен болгондо мен макул деп жооп бердим. Мен өзүмдү патриот деп эсептейм, андыктан кыйын учурда элге жардам берүүнү чечтим», — деди Сурабалдиева.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>