Адахан Мадумаров УКМКнын абагынан ооруканага которулду

Адахан Мадумаров УКМКнын абагынан ооруканага которулду

Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров УКМКнын тергөө абагынан ооруканага которулду. Бул тууралуу маалыматты Reporter.kg’ге  партиялаштары билдирди.

Эл өкүлү Улуттук кардиология борборунда дарыланууда.

Буга чейин анын жактоочусу Юлия Богданова саясатчынын саламаттыгы начарлап кеткенин, анын жүрөгүнө тез арада операция жасоо зарылдыгын айткан.

Эскерте кетсек, 2-сентябрда Адахан Мадумаров милиция тарабынан кармалып, ИИМдин Тергөө кызматына суракка алынып кеткен. Мадумаров 2009-жылы кол койгон кыргыз-тажик чек арасы боюнча (Төрт-Көчө боюнча) протоколго байланыштуу козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалган. Буга чейин 22-июнда парламент Мадумаровду «бийликтен аша чабуу» беренеси боюнча кылмыш жообуна тартууга макулдук берген. Бирок кийинчерээк аталган берене «мамлекеттик чыккынчылык» беренесине өзгөртүлгөнү 2-сентябрда белгилүү болду.

Мадумаров кармалган күнү депутат Гуля Кожокулова журналисттерге, буга чейин парламент Мадумаровду «бийликтен аша чабуу» беренеси боюнча гана кылмыш жоопко тартууга макулдук бергенин, бирок азыр тергөө кызматы Мадумаровго «мамлекеттик чыккынчылык» беренеси боюнча айып тагып жатканын айтып, берененин өзгөртүлүшү боюнча бир катар суроолор, анын ичинде юридикалык суроолор, дал келбестиктер бар экенин билдирген.

6-сентябрда парламенттин жыйында Кожокулова 2022-жылы Жогорку Кеңеш Мадумаровду «мамлекеттик чыккынчылык» беренеси боюнча кылмыш жообуна тартуудан баш тартканын жана тиешелүү токтом азыр да күчүндө экенин айткан. Башкача айтканда, укук коргоо органдарында Мадумаровду «мамлекеттик чыккынчылык» беренеси жоопко тартууга парламенттин макулдугу жок экенин белгилеген.

Ошондой эле Кожомкулова ИИМ кызматкерлери Мадумаровду кармаганда, саясатчынын 13 жаштагы уулун да кармап кетип, аны ИИМдин тергөө абагында 3 саат кармап отурганын билдирип, укук коргоо органдарынын иш-аракетин сындаган.

Мадумаровго каршы кылмыш иши тергелип бүтүп, сотко өткөрүлдү.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>