Курулуш министрлиги: Жыл аягына чейин Кыргызстанда 36 мектеп курулатПрезидент Садыр Жапаров Түркмөнстанга иш сапары менен барат«Музейлер эксперименталдык боло алабы?»: Бишкекте куратор Чарльз Эшенин лекциясы өтөтБекешев: TikTok’ту бөгөттөн чыгарууга азыр УКМК гана каршы болуудаБекешев кортеждердин санын азайтып, «күркүрөгөн» унааларга чара көрүүгө чакырдыБишкекте уюлдук телефондорду мыйзамсыз алып кирүүгө шектелип чет элдиктер кармалды
Сосновка жана Арал постторунда жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди
11.01.2024 | 22:11
Бүгүн, 11-январь саат 17:00дөн баштап Арал жана Сосновка постторунда жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө чектөө киргизилди. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, мындай чаралар Бишкек — Ош унаа жолунда кар жаап жаткандыгына байланыштуу, кырсыктардын алдын алуу, жарандардын кырсыкка кабылуусуна жол бербөө жана жол тыгындарын болтурбоо максатында кабыл алынды.
Учурда Төө-Ашуу, Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайында кардан тазалоо жана инерттик материалдарды чачуу иштери жүргүзүлүүдө.
Алыскы жолго чыккан айдоочуларга жайкы дөңгөлөктөрдү кышкы дөңгөлөккө алмаштыруу, дөңгөлөктөрдүн чынжырчаларын жана күрөктөрүн алып жүрүү сунушталат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар