Бишкек шаардык милициясында Эл аралык эне тил күнү белгиленди

Бишкек шаардык милициясында Эл аралык эне тил күнү белгиленди

Бишкек шаардык милициясында Эл аралык эне тил күнү белгиленди. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.

Эл аралык эне тил күнүнө карата уюштурулган салтанатуу иш-чарага Бишкек шаардык милициянын башчысы Азамат Ногойбаев, анын орун басарлары, Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча Улуттук комиссиясынын төрагасы Каныбек Осмоналиев, ИИМдин Башкы штабынын Мамлекеттик тил жана редакциялоо бөлүмүнүн начальниги Айбек Орозакунов, Мамлекеттик тил коомунун президенти Раимжан Курбанов, акын жана котормочу Алтынбек Исмаилов, Кыргызстандын эмгек сиңирген артисттери, ар улуттардын диаспора өкүлдөрү, шаардык милициянын өздүк курамы жана башкалар катышкан.

Аталган иш-чара «Тилдин улуусу да — эне тил, Тилдин сулуусу да — эне тил» аталышында өткөрүлгөн. Анын ачылыш аземинде Азамат Ногойбаев сөз сүйлөп, андан кийин анын орун басары Тилек Тюкебаев иш-чаранын конокторун Эл аралык эне тил күнү менен куттуктаган.

Салтанаттуу иш-чарада Кыргызстандын эмгек сиңирген артисттери жана өзбек, уйгур, корей диаспоралары катышуучуларга майрамдык маанай тартуулашкан.

Иш-чаранын жүрүшүндө Азамат Ногойбаев кыргыз маданиятына салым кошкон таланттуу конокторго ардак грамота жана ыраазычылык каттарды тапшырган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>