Бишкек шаардык соту Руслан Бекназаровго өкүм чыгарды

Бишкек шаардык соту Руслан Бекназаровго өкүм чыгарды

Бишкек шаардык соту борбор калаанын Свердлов районунун акиминин мурдагы орун басары Руслан Бекназаровго өкүм чыгарды.

Reporter.kg’ге Бишкек шаардык сотунан билдиришкендей, бүгүн, 10-июлда сотто Руслан Бекназаровдун апелляциялык арызы каралып, канааттандыруусуз калтырылган.

Эскерте кетсек, быйыл 25-апрелде Биринчи май райондук соту Бекназаровду Кылмыш-жаза кодексинин 255-беренесинин 1-2-бөлүктөрү (Террордук иштерди жүзөгө ашырууга ачык чакырыктар) боюнча актап, бирок 332-берененин 1-бөлүгү (Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу) боюнча күнөөлүү деп таап, бир жылга эркинен ажыраткан. Ошол эле учурда, сот Бекназаровду абактагы жазадан бошотуп, бир жылга пробациялык көзөмөл белгилеген.

Руслан Бекназаров райондук соттун чечими менен макул эместигин, Бишкек шаардык сотуна апелляция менен кайрыларын билдирип, ага чыккан өкүмдө саясий өңүт бар деген пикирин айткан.

Бекназаров социалдык тармактарда экстремисттик материалдарды таратууга шектелип, кылмыш иши козголгон. Былтыр 14-сентябрда суракка чакырылып, андан кийин камакка алынган. 2-ноябрда Бекназаров Биринчи райондук соттун чечими менен үй камагына чыгарылган.

Руслан Бекназаров — саясатчы Азимбек Бекназаровдун уулу. Буга чейин Азимбек Бекназаров уулунун кармалышын өзүнүн бийликке айткан сындары менен байланыштырып, ага эскертүү катарында жасалган иш-аракет катары көрөрүн билдирген. Азыркы тапта Азимбек Бекназаровдун өзү Кемпир-Абад иши боюнча «массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдык көрүүгө» шектелип камакта отурат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>