Ысык-Көлдө жоголгон өспүрүм табылды, бирок аны энеси үйүнө киргизбей койду

Ысык-Көлдө жоголгон өспүрүм табылды, бирок аны энеси үйүнө киргизбей койду

Ысык-Көлдө милиция кызматкерлери дайынсыз жоголгон жаш өспүрүмдү табышты. Бирок, баланын энеси аны үйүнө киргизүүгө каршы болду. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясынын маалымат кызматынан билдиришти.

Ысык-Көл РИИБден билдиргендей, 1-декабрь күнү, Балыкчы шаарынын тургуну, өзүнүн «Фейсбук» баракчасында, түшкү мезгилде анын жаш өспүрүм баласы лицейден чыгып кетип, дайынсыз жоголуп кеткендиги жөнүндө маалымат жарыялаган. Ошол эле маалыматында, эгерде милиция баласын аман эсен таап беришпесе, аларга карата чара көрөрүн дагы билдирген. Аталган маалыматты жарыялаган аял, баласы дайынсыз жоголуп кеткендиги жөнүндө арыз менен Ысык-Көл РИИБне да, Балыкчы ШИИБне да кайрылган эмес.  

Социалдык түйүндө жарыяланган маалымат Ысык-Көл РИИБдин маалымат электрондук журналына катталып, дайынсыз жоголгон жаш өспүрүмдү издеп табуу боюнча издөө иштери башталган. Издөө иштеринин жүрүшүндө, 15 жаштагы жаш өспүрүм, Балыкчы шаарында энеси менен чогу жашап жүргөнү, үстүбүздөгү жылдын сентябрь айынан баштап, Ысык-Көл районунда орун алган лицейинин биринде 1-курста окуп, ошол эле окуу жайынын жатаканасында жашап жүргөндүгү белгилүү болгон. Андан тышкары, август айында да, жаш өспүрүм үйүнөн кетип калгандыгын жана милиция кызматкерлери аны Бишкек шаарынан таап келишип, энесине кайтарып беришкени аныкталган.

Окуу жайындагы видеокөзөмөлдө камераларын изилдеген учурда, жаш өспүрүм болжол менен саат 14.30 чамаларында жалгыз лицейдин аймагынан белгисиз тарапка чыгып кеткендиги аныкталган. Дайынсыз жоголгон жаш өспүрүмдү издөө үчүн Ысык-Көл РИИБдин, Балыкчы ШИИБдин өздүк курамы, кошумча окуу жайынын мугалимдери жана мэриянын өкүлдөрү да тартылган.

Көрүлгөн иш аракеттердин натыйжасында, изделип жаткан жаш өспүрүм, 1-декабрдан 2-декабрга караган түнү, болжол менен түнкү саат 01.00 чамаларында Балыкчы шаарынан аман эсен табылган. Дайынсыз жоголгон баланы энесинин үйүнө алып келгенде, энеси баланы үйүнө киргизбей, кайра окуу жайына алып кетишин талап кылган. Жагдайга байланыштуу милиция кызматкерлери жаш өспүрүмдү окуу жайына алып келишип, социалдык педагогдун көзөмөлүнө өткөрүп беришкен.

Учурда, Ысык-Көл РИИБ тарабынан тийиштүү иш кагаздары райондук балдар менен иштөө комиссиясынын кароосуна жиберилди. 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>