Кыргызстан менен Түштүк Корея достук паркына 85 түп эмен көчөтү отургузулдуБишкекте Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу Николай Мироненко дүйнө салдыДарыканаларда мыйзамсыз ташылып келген дарылар сатылган: эки жаран кармалдыЧүй районунда 202 гектар аянтка өнөр жай аймагы түзүлөтБишкекте КММАнын студентинин сөөгү табылды. Ал буга чейин изделип жаткан8-ноябрга карата өлкөдөгү аба ырайынын божомолу
Бишкек жана Оштогу аэропорттор кайра ижарага берилгени жатат, – депутат
29.09.2022 | 10:57
Бүгүн, 29-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Шайлообек Атазов Бишкек жана Оштогу аэропорттор жең ичинен кайрадан ижарага берилгени жатканын билдирди.
Анын айтымында, бул маселе кайрадан көтөрүлүп жатат.
“Буга чейин бул маселеге министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров чекит койгон, азыр кайрадан бул маселе боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат”, – деди депутат.
Ошондой эле ал Акылбек Жапаров Баткен облусуна барып көйгөйлөрдү чечсе болмогун бирок, балким аэропорттордогу кырдаалга байланыштуу буга убактысы жок болуп жатканын кошумчалады.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар