Депутат Бейшеналиевдин ишинин калыс тергелишин талап кылды

Депутат Бейшеналиевдин ишинин калыс тергелишин талап кылды

Бүгүн, 29-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Эмил Токтошев пара алууга шектелип кармалган билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиевдин ишин калыс тергелишин талап кылды.

Ал ИИМ министрди 110 миң доллар пара алууга шектелип кармалганын билдиргенин, бирок коомчулукта акча анын унаасында табылганы айтылып, министрдин пара алышына эл ишенбей турганын белгиледи.

«Элдердей эле менин да анын пара алып кармалышына күмөнүм бар. Элчи болуп иштеген киши бул ишке барбаш керек эле. Бул иш дыкат тергелсин. Прокуратура көзөмөлгө алсын. Калыс тергелишин суранам, талап кылам», — деди Эмил Токтошев.

Эскерте кетсек, кечээ, 28-сентябрда ИИМ Бейшеналиев чет элдик студенттерди Кыргызстандагы окуу жайларга өткөрүү үчүн пара (110 миң доллар) алууга байланыштуу иштин алкагында кармалганын билдирген.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>