Жээнбеков: Кемпир-Абад боюнча келишимди жокко чыгарса болот

Жээнбеков: Кемпир-Абад боюнча келишимди жокко чыгарса болот

Кемпир-Абад боюнча келишимди жокко чыгаруу үчүн эл аралык сотко кайрылабыз. Бул тууралуу камактагы саясатчы Равшан Жээнбеков билдирди.

Анын айтымында, эл аралык сотко кайрылып, Кемпир-Абаддын Өзбекстанга берилиши каралган эки өлкө ортосундагы макулдашууну жокко чыгарууга мүмкүнчүлүк бар.

«Тилекке каршы бийлик Кемпир-Абадды берип тынышты. Бирок биздин бир жолубуз бар. Биз келечекте эл аралык сотко кайрылабыз. Эгерде, биздин бийлик коррупциялашкан жана авторитардык бийлик боло турган болсо, анда эл аралык келишимди жокко чыгарганга мүмкүнчүлүк пайда болот. Себеби кечээ күнү (17-ноябрда – ред.) парламентте коррупциялык жана авторитардык ыкманы пайдаланып ратификацияны өткөргөнүн байкадым. Бул бийлик тарабынан депутаттарга басым. Ошондуктан биз эл аралык сотко кайрылып, Кемпир-Абадды коргоо, алып калуу мүмкүнчүлүгүн карашыбыз керек», — деди ал.

Эскерте кетсек, буга чейин Кыргызстанда Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга берилишине каршы чыккан 20дан ашык активист жана саясатчы «массалык баш аламандыктарды уюштурууга даярданууга» шектелип камакка алынган. Камалгандардын дээрлик бардыгы Кемпир-Абадды коргоо комитетинин мүчөсү болушат. Алардын катарында саясатчы Равшан Жээнбеков да бар.

17-ноябрда Жогорку Кеңеш «Кыргыз-өзбек чек арасынын айрым тилкелери жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу» жана «Кемпир-Абаддын суу ресурстарын биргелешип башкаруу тууралуу макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» мыйзам долбоорлорун үч окууда жактырды.

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин айтымында, эки өлкө ортосундагы чек ара боюнча келишимге ылайык, Кыргызстанга 19 миң 699 гектар жер алынууда. Кыргызстан Өзбекстанга Кемпир-Абад суу сактагычынын алдындагы 4 миң 485 гектар жерди бергени жатат.

Кемпир-Абад: Каршы добуш берген депутаттардын тизмеси

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>