Депутат аскер Дастан Анарбековду издөөнү тездетүүнү суранды

Депутат аскер Дастан Анарбековду издөөнү тездетүүнү суранды

Бүгүн, 28-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Марат Мураталиев министрлер кабинетинен кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда дайынсыз жоголгон аскер кызматкери Дастан Анарбековду издөө иштерин тездетүүнү талап кылды.

Депутаттын айтымында, буга чейин ДНК экспертизасы дайындалган.

«ДНК  дайындалганына жарым ай өттү. Процессти тездетсе жакшы болмок. Апасы ыйлап жатат, ага камуфляжын беришиптир. Ооруканада жабырлануучулардын биринин сөөгү жатат. Дастан Анарбековдун жакындары анын кимге таандык экенин тактап берүүнү суранышууда», — деди Марат Мураталиев

Эске салсак, Куралдуу күчтөрүнүн аскер кызматкери Дастан Анарбеков Тажикстандын куралдуу кол салуусу учурунда дайынсыз жоголгон.

Буга чейин аскердин апасы Сауле Иманалиева 17-сентябрдан бери уулунун дайыны жок экенин айтып, президент Садыр Жапаровго жана УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевге кайрылган.

16-сентябрь күнү эртең менен Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы бир нече участоктордо ок атышуу башталган. Лейлек жана Баткен райондорундагы калктуу конуштар аткылоого кабылган.

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылыштан улам Баткен жана Лейлек райондоруна караштуу 7 айылдын, Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Жекенди айылынын тургундары үйлөрүн таштап кетишкен. Анын кесепетинен 198 адам жабыркап, 63 адам каза болду. Баткен облусунда өзгөчө кырдаал режими киргизилген жана Кыргызстанда 19-сентябрь улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланган.   

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги 14-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында болгон куралдуу кагылыш боюнча билдирүү жасап, Тажикстан алдын ала пландап, Кыргызстанга кол салганын билдирди.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>