Бишкекке Минсктен 179, Индиядан 6 кыргызстандык кайтып келди

Бишкекке Минсктен 179, Индиядан 6 кыргызстандык кайтып келди

“Манас” эл аралык аэропортунда 2-июнда “Avia Traffic Company” авиакомпаниясынын Минск-Бишкек каттамы боюнча чартердик рейсин тосуп алышты, Беларус өлкөсүнөн 179 кыргызстандык  кайтып келди. Бул тууралуу штабдан билдиришти.

Каттам буга чейин транзит менен ар кайсы Европа жана Азия өлкөлөрүнөн Минск шаарына келип, унаа билдирүүлөрүнүн токтошунан жана чек аралардын жабылышынан улам Кыргызстанга учуп кете албай калган мекендештердин мекенине кайтаруу максатында уюштурулду.

Аталган каттам менен Австрия, Армения, Беларус, Венгрия, Улуу Британия, Германия, Литва, Италия, Испания, Нидерланддар, Польша, Украина, Франция, Чехия, Швеция, Швейцария жана Эстониядагы Кыргызстандын жарандары учуп келди.

Белгилей кетсек, жүргүнчүлөрдүн тизмеси Европадагы Кыргызстандын чет элдик мекемелерине буга чейин келип түшкөн арыздарга ылайык түзүлгөн.

Мындан тышкары Бишкекке Индиядан 6 кыргызстандык кайтып келди. Аларды “Манас” эл аралык аэропортунда 2-июнда Кыргызстандан Индиянын жарандарын алып чыгып кетүү үчүн индия тарабынан уюштурулган “Air India” авиакомпаниясынын Дели-Бишкек-Дели каттамы боюнча чартердик рейстерин тосуп алышты.

Учурда бардык кайтып келген жарандар бекитилген тартипте обсервацияга алынды.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>