Өзгөндө бешинчи компьютердик томография борбору ачылды

Өзгөндө бешинчи компьютердик томография борбору ачылды

Бүгүн, 29-январда «Кыргызстандын саламаттык сактоо уюмдарында компьютердик томография аппараттарын орнотуу» мамлекеттик жеке өнөктөштүк долбоорунун алкагында Өзгөн районундагы Жалпы дарыгерлик практика борборунда бешинчи компьютердик томография борбору ачылды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, иш-чарага министр Алымкадыр Бейшеналиев катышты. Компютердик томография борборунун имаратында жеке өнөктөш тарабынан капиталдык оңдоо жана жабдуу иштери жүргүзүлүп, «Neusoft Medical Systems» компаниясынын акыркы үлгүдөгү медициналык жабдуулары менен заманбап компьютердик томографиялык аппараты орнотулду.

Бул долбоордун алкагында 6 компьютердик томография борборун ишке киргизүү пландаштырылган, буга чейин 4 ушундай борбор ачылып, ишке киргизилген, алар: Бишкек шаарында — Республикалык дарылоо-диагностикалык борборунда жана Бишкек шаардык тез жардам клиникалык ооруканасында, Балыкчы шаарынын жана Кадамжай районунун Жалпы дарыгерлик практика борборлорунда ишке киргизилген.

Бул долбоордун алкагында республикадагы дагы бир саламаттык сактоо уюмунда, Токтогул районунун Жалпы дарыгерлик практика борборунда компьютердик томограф орнотулат.

Кызматтын баасы жеке клиникаларга караганда арзан болот. Инвестициянын көлөмү 5 миллион АКШ долларын түздү, долбоор инвестордун катышуусу менен 15 жылга ишке ашырылат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>