Бишкекте алдамчылыкка шектелип кооперативдин жетекчиси кармалды

Бишкекте алдамчылыкка шектелип кооперативдин жетекчиси кармалды

Бишкекте алдамчылыкка шектелип кооперативдин жетекчиси кармалды. Бул тууралу Ленин райондук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, райондук милицияга Н.К. аттуу жаран кайрылып, быйыл 22-январда коммерциялык эмес кооперативдердин биринин жетекчиси, Үмөталиев көчөсүндө жайгашкан кеңсесинде анын ишеничине кирип,  турак үй берүүнү убада кылып, 450 миң сом акчасын алып, жашырынып кеткенин билдирген.

Аталган факт райондук милицияда каттоого алынып, Кылмыш кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.

3-ноябрь күнү шектүү катары 51 жаштагы С.Н. аттуу жаран кармалган. Учурда ал №1 тергөө абагына эки айга камакка алынган.

«Андан тышкары, Ленин райондук милициясына С.Н. аттуу жаранды жоопко тартуу өтүнүчү менен дагы 50гө жакын арыз түштү. Учурда келтирилген зыяндын өлчөмү такталууда», — деп билдирет милиция.

Шектүүнүн башка ушул сыяктуу кылмыштарга тиешеси бар же жок экенин аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иштери уланууда. Ага байланыштуу милиция жабыр тарткан адамдар болсо, 0(312) 352 947, 0 (312) 654 494, 0(703) 686 883, 0(700) 717 515 жана 102 номерлерине маалымат берүүгө чакырат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>