УКМК төрагасы Ташиев Комсомол айылына асфальт жол салып берди

УКМК төрагасы Ташиев Комсомол айылына асфальт жол салып берди

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Комсомол айылына асфальт жол салып берди. Бул тууралуу анын жардамчысы Өткүрбек Рахманов социалдык баракчасында билдирди.

Комсомол айылына салынган асфальт жолдун узундугу бир чакырымга жетет. Бүгүн, 7-ноябрда аталган жол пайдаланууга берилген. Анын ачылышына жергиликтүү эл жана Камчыбек Ташиев катышкан.

«Жергиликтүү элдин кайрылуусу менен Камчыбек Ташиев өзүнүн жана бир туугандарынын демөөрчүлүгү астында айыл жолун кыска мөөнөттө толугу менен асфальттоо иштери жүргүзүлгөн. Айыл жашоочулары Ташиевдердин үй бүлөсүнө жана жеке Камчыбек Ташиевдин өзүнө ыраазычылыгын билдирип, ак батасын беришти», — деп билдирди Рахманов.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>