Бишкекте Жеңиш күнүнө карата автожүрүш өттүӨКМ башчысы Баткендеги сел кооптуу тилкелерде коргоо иштерин тездетүүнү тапшырдыАла-Арчада япониялык эки турист куткарылды — видеоТарыхты сактоо: №7 жалпы билим берүү орто мектебинде Улуу Ата Мекендик согушка катышкан педагогдордун жана окуучулардын элеси эскерилдиОшто теннис боюнча эл аралык өспүрүмдөр мелдеши өтүүдөМинскте кыргызстандык жоокерлерди эскерүү митинги өттү
Бишкекте аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө отун таратыла баштады
01.11.2021 | 16:45
“Бишкекзеленхоз” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө отун тарата баштады. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, мэриянын социалдык коргоо башкармалыгы тарабынан берилген тизмеге ылайык, аз камсыз болгон 360 үй-бүлөгө отун берилет.
“Ишкана борбор калаадагы куурап калган бак-дарактарды жана бутактарды кыюунун натыйжасында чогултулган 540 кубометрге жакын отундарды бекер берүүнү пландоодо”, – деп билдирди басма сөз кызматы.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом